Педикюр

Википедия дан

Педикюр — буттун терисин жана тырмактарын атайылап багуу.

Педикюрду бир жарым айда бир жолу жасайт: адегенде буттун чорун жумшартуу үчүн самындуу ысык сууга салып (сууга аш кашык нашатыр спиртин же тамак-аш содасын кошот), 20 — 30 минутадан кийин жумшак сүлгү менен аарчып, коопсуз устара менен тамандагы жана согончоктогу чорду кырып тазалап, катуу чор баскан жер, тырмак кесилет (тегерете). Бирок тырмактын кычыктарын кесүүгө болбойт, анткени тырмак өсүп, этке батышы мүмкүн. Атайын өгөөчү менен тырмакты өгөөлөп, каалаган формага келтирет. Тырмакты дайыма бир тарапка өгөөлөбөсө катмарланып кетет. Бутту кайра жылуу сууга малып коюп (улам ысык суу кошуп турат), экинчи бутту тазалоого киришет. Бодурайган жерин пемза менен жылмалап, аарчып А витаминдүү крем (мисалы, «Атласный», «Восторг», «Люкс», «Эффект») менен майлайт. Каалагандар тырмактарын лактап алат (к. Маникюр).

Педикюр жасоодо гигиена эрежелерин так аткаруу зарыл. Аспаптарды пайдаланарда спирт же атыр менен сүртүп тазалайт. Кокустан кесип алган жерге суутектин өтө кычкылынын 3%дуу эритмесине малынган кебез басып, йод сыйпоо керек.
Бутту күнүгө жуугандан сырткары, жумасына бир жолу 10—15 мин. жылуу ванна жасоо (1 аш кашык тузду 2 л сууга кошуп) пайдалуу. Тамандын катууланган жана чор болгон жерлерин пемза менен сүрүп, таза жууп, кургата аарчып, бутка крем же вазелин сыйпоо сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8