Пекин өрдөгү

Википедия дан

Пекин өрдөгү – эт багытындагы өрдөк тукуму. Кытайда чыгарылган. Бою бийик, ири келет. Түсү ак, тумшугу бир аз ийилген, моюну жоон, канаты кичине. Кайырмасынын тирүүлөй салмагы 4 кг, соносу 3,5 кг, 50-60 күндүк жөжөлөрү 2,2-2,5 кг. Жылына 130–150 жумуртка тууйт. КМШ өлкөлөрүндө 1925-жылдан багылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]