Пемза

Википедия дан

Пемза – кычкыл лаванын көөп, бат суушунан пайда болгон көзөнөкчөлүү, быдырлуу, көпшөк жеңил (сууга чөкпөгөн) айнектүү жанар тоо теги. Химиялык курамы (америкалык геолог Р. Дэли боюнча): Si02 68-75%; ТIO2; А1203 11-14; Fe203 08-2; FeO 0,5-15; СаО 0,2-2,5; Na20 2,5-5; К20 1,5-3;N20+ 1,5-3. Отко чыдамдуу. Пемзанын көпшөктүгү 80% ке чейин; тыгыздыгы 2000- 2300 кг/м3; катуулугу 5–6,5. Өңү ак, күрөң, сары. 1300–1450°С температурада эрийт. Пемза абразивдүү материал катары, ошондой эле химия өнөр-жайында жана жеңил бетон даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]