Пеннин тоолору

Википедия дан
Пеннин тоолору.

Пеннин тоолору (англ. Pennine Chain) — Улуу Британия аралында. Узундугу 250 кмдей. Эң бийик жери 893 м (Кросс-Фелл чокусу). Негизинен кумдук, акиташ тегинен турат. Кыры жайык, капталдары салыштырмалуу жантайыңкы. Карст процесси өнүккөн. Вереск бадалдары, өлөң чөп, айрым жерлерине токой өсөт. Этегинде таш көмүр кени (Йоркшир көмүр бассейни) жана Пик Дистрикт улуттук паркы бар. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]