Пентатоника

Википедия дан

Пентатоника (грекче pente – беш жана tonos – тон) – октава интервалы аралыгындагы беш баскычтан турган добуш (лад) системасы. Пентатоника негизинен ангемитондук (жарым тонсуз) түрүндө көп тараган. Анын добуш катарынын аралыгы бүтүн тон жана бир жарым тон (чоң секунда жана кичине терция) болот. Пентатоника добуш катары ар түрдүү беш варианттан турат. Россия Федерациясынын татар, башкыр, чуваш, бурят, марий, ошондой эле кытай, вьетнам ж. б. чыгыш элдеринин музыкасы Пентатоника системасына негизделген. Пентатоника элементтери кыргыз музыкасында да кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]