Пергидроль

Википедия дан

Пергидроль — суутек пероксиди (Н2О2 ) суудагы 30% эритмеси. Тунук, түссүз, жытсыз суюктук, муздак жерде көпкө чейин сакталышы мүмкүн. П. күчтүү окистендиргич. Суутек пероксиди сыяктуу эле кездемелерди агартууда, 3% эритмеси мед-да дезин-фекциялоочу каражат катарында, тамак-аш өнөр жайында продуктуларды консервациялоодо, айыл чарбасында үрөндүк данды зыян-кечтерден тазалоодо жана дагы бир катар органикалык  бирикмелерди өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]