Мазмунга өтүү

Перекоп мойногу

Википедия — ачык энциклопедия
Перекоп мойногу.

Перекоп мойногу — Крым жарым аралын материк менен туташтырат. Кара деңиздеги Каркинит булунун Сиваш көлүнөн бөлөт. Узундугу 30 кмдей. Бийиктиги 20 жге чейин. Чопо жана кумайлуу топурактан турат. Өтө туздуу көлдөр бар. Перекоп мойногу аркылуу Түндүк Крым каналы өтөт. Мойнокто Граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде катуу салгылашуулар болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]