Перидотит

Википедия дан

Перидотит (французча peridot – оливин) – ультранегиздүү интрузия тоо теги. Негизинен оливин (30–70%) менен пироксенден (30–70%), айрым учурда роговой обманкадан турат. Курамында Si02 40–46%, MgO 34–46%, өңү күңүрт түстө: көбүнчө жашыл, жашыл боз. Курамындагы оливин менен пироксен серпентиниттелген Перидотит змеевикке айланат. Перидотит башка ультранегиздүү жана негиздүү интрузия тоо тектери менен бирге тарам, шток, локалит массивдерин пайда кылат. Перидотит менен хромит, платиналуу жана силикаттуу никель кен ташы, хризотил-асбест, тальк кендери байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]