Перикл

Википедия дан

Перикл (б. з. ч. 490-ж. чен, Афины - б. з. ч. 429, ошол эле жер) – байыркы грек саясий ишмери. Афинынын б. з. ч. 444/443–429-жылдардагы стратеги. Ар тараптуу билим алган. Адегенде Эфиальт жетектеген топко кошулуп, ал өлгөн соң афины демократтарын жетектеп, Афины мамлекетинин башчысы болгон. Ал чоң кызматкерлерди добуш менен шайлоо, аларга акы төлөө, театрга баруу үчүн жардыларга акча берүү, коомдук имараттарды куруу сыяктуу чараларды толук укуктуу жарандар таламында жүзөгө ашырган. Тышкы саясатында Афины деңиз державасын чыңдоого аракеттенген. Стратег катары согуш жортуулдарын башкарып, Делос союзунан чыкмакчы болгон айрым шаарлардын каршылыгын баскан. Периклдин доорунда Грекия дүркүрөп өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]