Перилла

Википедия дан

Перилла (Perilla) - өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык чөп. Эгилме 2 түрү – райкан жана нанкин Перилласы бар. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү тең кезигет. Райкан же судза Перилласынын сабагы түз өсөт, бутактуу, жалбырактуу, бийиктиги 90–110 см, топ гүлдүү. Мөмөсү жаңгак сымал, түсү ак, кара күрөң. Бышкан кезде лимон жыттанат. Вегетация мезгили 100–150 күндүк Уругунда 46–53% тез кургай турган техникалык май бар. Ал электр-техника, полиграфия, резина өнөр-жайында кеңири пайдаланылат. Кытай, Корея жана Японияда Перилла майы тамак-ашка, күнжарасы малга тоют катары керектелет. КМШ өлкөлөрүндө Перилла негизинен Приморье крайында эгилет. Ар га жерден 8–10 ц (эң көбү 15 ц) түшүм (урук) алынат. Нанкин Перилласынын бийиктиги 50 следей, жалбырагы кара күрөң түстө. Кытай менен Японияда май алыш үчүн, КМШ өлкөлөрүндө кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]