Перифериялык түзүлмө

Википедия дан

Перифериялык түзүлмө – процессордун эсептөө мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга шарт түзгөн аппарат. Перифериялык түзүлмөлөр классы эсептөө машиналарынын эсептөө (логикалык) блогуна – процессорго жана аткарылган программаны сактоо эсине, аларга карата тышкы түзүлүштөргө, аларга туташтырылган интерфейстер менен бирге бөлүнгөнүнө байланыштуу пайда болгон. Ошентип, Перифериялык түзүлмө ЭЭМдин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү менен, анын архитектурасын өзгөртпөйт. Компьютердин системалуу блогуна карата тышкы түзүлмөлөрдү да Перифериялык түзүлмө деп атоого болот. Перифериялык түзүлмө тышкы киришчыгыш системасы менен компьютердин операциялык системасынын иштөө өзгөчөлүгүн изилдейт. Windows NT операциялык системалар чөйрөсүндө ар кандай Перифериялык түзүлмөлөр менен иштөө үчүн операциялык системанын нөлдүк шакегиндеги драйвер керек. Драйверлер – операциялык системанын эң керектүү тиркемеси болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]