Персона нон грата

Википедия дан

Персона нон грата (лат . persona non grata – жагымсыз жан) – дипломатиялык укук боюнча жагымсыз жан, адам дегенди билдирет. П. н. г-ны жарыялоо – анын аймагында бул дипломаттын, анын үйбүлө мүчөлөрүнүн же дипломатиялык өкүлчүлүктүн кандайдыр бир кызматкеринин мындан ары калышынын мүмкүн эместиги тууралуу мамлекеттин тигил же бул тариздеги билдирүүсү. Өкүлчүлүк кылган өлкө билдирүүдө көрсөтүлгөн же (эгер белгилүү бир мөөнөт көрсөтүлбөсө) ыңгайлуу мезгил ичинде тийешелүү жакты чакыртып алууга милдеттүү. Эгер ал жак өлкөдөн чыгып кетпесе, анда жергиликтүү бийлик мажбурлап чыгарууга аргасыз болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]