Перспектива

Википедия дан

Перспектива (французча  perspective) – 1) предметтик дүйнөнү сүрөттөө мыйзам ченемдүүлүгүн, аны көз менен көрүп (оптикалык жактан), кабыл алууну окуп үйрөнүүчү кошумча илимий тармак. Предметтик мейкиндикте байкап турган адамдын көзүнө карата жайгашышы анын көзгө көрүнгөн сөлөкөтүн, формасын жана өңүн өзгөртүп жиберет жана бул өзгөрүүлөр аркылуу предметтин чыныгы, туруктуу касиеттери адам тарабынан кабыл алынат. Бир далай аралыктан сөлөкөттүн дааналагы менен түсүндөгү өзгөрүү­лөрдү аба перспективасы (илим катары азырынча аз өнүккөн тармак) изилдейт. Перспективанын негизги терминдеринен көркөм практика үчүн өзгөчө маанилүүлөрү горизонт, көз караш, кесилиштин борбордук чекити, көз караш бурчу болуп саналат. Перспективанын негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү 15-кылымда италиялык сүрөтчүлөр П. Учелло, П. делла Франческа жана башка тарабынан белгиленген. 2) П. – натурадагы болочок мыйзам ченемдүүлүктөрдүн кандай жалгыз конкреттүү көрүнүшү болсо, так эле ошондой көркөм искусство чыгармаларында көрүнүш. Бул мааниде П. терминин көп учурда предмет же мотив коштоп жүрөт (мисалы, көчөнүн П-сы, көрүүчүлөр залынын П.) натыйжаны көз болжол менен теориянын негизинде коррекциясыз берүү практикалык ыкмасы байкоочу П. деп аталат жана акыркыга бүт аба П-сынын тармагы кирет. Тескери П. термини чыныгы, илимий П-нын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө эч кандай тиешеси жок жана тегиздиктеги реалдуу мейкиндикти берүүнүн алгачкы шарттуу жана толук эмес ыкмаларын өз ичине алат. Ал эми формалисттердин практикасында тескери П. курчап турган чындыкты бурмалоонун аң-сезимдүү куралы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]