Песков Василий Михайлович

Википедия дан

Песков Василий Михайлович (14 март 1930 — 12 август 2013) — орус совет жазуучусу. "Жаныбарлар дүйнөсүндө" программасынын алыпбаруучусу (1975-1990), саякатчы.

  • 1951-жылдан КПСС мүчөсү. 1953-жылдан журналисттик кесипте иштейт.
  • Сов. Союзун жана чет өлкөлөрду кыдырып чыккандан кийин Песков «Фоторепортёрдун көргөндөрү» (1960), «Шүүдүрүмдөгү кадамдар» (1963;
  • Лениндик сыйл., 1964), «Ак шоокумдар» (1965), «Кез жеткис мейкиндик» (1967), «Жаңырган ай менен кошо саякат» (1969), «Америка жолдору менен» (1973, Б. Стрельников менен бирге) деген китептерди жазган.
  • Песков дун калеминен, о. эле космонавт-учкучтар В. Николаева-Терешкова, В. Быков­ский жөнүндө «Күткүлө бизди, жылдыздар!» (1963; М. Ребров менен бирге) де­ген документ очерк, «Согуш жана адамдар» (1970) аттуу китеп да жаралган.
  • Песков жаратылыш жөнүндө өзгөчө мүнөздө жана өтө чебер жазат, анын байлыгын коргоонун ынтызары.
  • Эки орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.