Петербург келишими (1881)

Википедия дан

Петербург келишими (1881) – Иле аймагынын статусу жөнүндөгү Россия менен Кытайдын ортосундагы келишим. 1881-ж. 12 (24)-февралда Петербург шаарында түзүлүп, Россия империясынын тышкы иштер министри Н. К. Гирс жана Цинь өкмөтүнүн өкүлү Цзэн Цзи-цзэнь кол койгон. Петербург келишиминин түзүлүшүнө 1871-ж. орус аскеринин Кулжа шаарына киргизилиши, Ливадия келишиминин (1879) ратификацияланбай калышы себеп болгон. Петербург келишимине ылайык Текес өрөөнү менен Музарт ашуусу Кытайга, Текестин батыш жак бир аз бөлүгү Россия империясынын карамагына өткөн (1-статья) жана орус бийлигин каалагандар көчүп кетүүгө уруксат алган (7-статья). Келтирилген чыгымдар үчүн Цинь өкмөтү Россияга 9 млн. сом акча төлөп (6-статья), орус өкмөтү кошумча түрдө Сучжоу (азыркы Цзюцюань), Турпан шаарында консулдук ачуу укугуна ээ болгон (10-статья). Мындан тышкары орус-кытай чек арасын тактап туруу тартиби аныкталган. орус бийлигин каалагандар көчүп кетүүгө уруксат алган. Келтирилген чыгымдар үчүн Цинь өкмөтү Россияга 9 млн сом төлөп, орус көпөстөрү үчүн Моңголия менен катар Тянь-Шань аркылуу бажы төлөмүсүз соода жүргүзүүгө жол ачылган(12-статья). Натыйжада 70 миңге жакын (башка маалыматтарда 107 миң) кыргыз, казак, уйгур, дунган ж. б. Россия аймагына көчүп келип, негизинен Кытай менен чектеш Жети-Суу облусуна [б. а. азыркы Алматы (Казакстан) менен Ысык-Көл облусунун чыгышы] отурукташкан. Петербург келишими 1881-ж. ратификацияланып, 1884-ж. чек араны демаркациялоо иши жүргөн. Жаңы-Маргалан чечимине ылайык Бедел ашуусунан Сары-Кол тоо кыркасындагы Уз-Бел ашуусуна (Раң-Көлдүн түндүк-батышы) чейинки Россия менен Кытайдын чек арасы такталган, бирок чек ара сызыктары так көрсөтүлбөгөндүктөн, кийин талаш-тартыш, түшүнбөстүк маселелер жаралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]