Петипа Мариус Иванович
Көрүнүш
Петипа Мариус Иванович (французча Marius Petipa; 11. 3. 1818, Франция, Марсель – 14. 7. 1910, Россия империясы, Таврия губерниясы, Гурзуф шаарчасы) – француз жана орус балетмейстери жана педагог. 1847-жылдан Россияда жашаган. 1869–1903-жылдары Петербург балет труппасынын башкы балетмейстери. 60тан ашык балет койгон, алардын мыктылары орус композиторлору менен чыгармачылык байланышта жаралган. Көп балеттери 19-кылымдын хореографиялык мурасынын үлгүсү катары азыркы күнгө чейин сакталган («Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу» ж. б.). Балетмейстер Л. И. Иванов менен бирге иштеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9