Петиция укугу

Википедия дан

Петиция укугу – жарандардын бийликке жазуу жүзүндө талаптар, сунуштар, даттануулар менен кайрылуусунда, ага бийлик иш жүзүндө белгиленген тартипте жооп берүүгө милдеттүү болгон конституциялык саясий укуктарынын бири. Бир катар конституциялар (м.: Венгрияныкы) жарандардын гана эмес, баардык адамдардын П. у-н тааныйт. Кээбир өлкөлөрдүн (м.: Испания ж. б.) конституциялары жарандардын айрым категориялары (эреже катары, аскер адамдары, коопсуздук жана тартип сактоо органдарынын кызматкерлери) П. у-н жеке тартипте гана пайдалана алышарын белгилейт. КР конституциялык мыйзамдары «петиция» аталгысынын өзүн колдонбостон, жарандарга өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде ал кайрылууларды кароого жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө жүйөлөнгөн жооп берүүгө милдеттүү мамлекеттик органдарга жана өзалдынча башкаруу органдарына жеке жана жамааттык кайрылууларды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]