Петров, Константин Иванович

Википедия дан

ПЕТРОВ Константин Иванович (1920-жылы туулган, Россия, Москва облусу, Абрютков кыштагы) – тарых илиминин доктору (1985). 1949-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин бүтүргөн. 1950-жылдан Ленинград (Санкт-Петербург) шаарында аскердик жогорку окуу жайларында окутуучу, Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик борбордук архивинде илимий кызматкер, кийин Кыргыз ССР ИАда илимий кызматкер болуп иштеген. Анын илимий эмгектери Кыргызтандын 13–18-кылымдагы тарыхын изилдөөгө багытталган. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.