Петров Фёдор Николаевич

Википедия дан

Петров Фёдор Николаевич (10(22). 7. 1876, Москва — 28. 5. 1973, Моск­ва) — советтик парт, жана ил. ишмер, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1961, 1971), проф. 1896-жылдан Компартия мүчөсү.

  • Жумушчунун үй-бүлөсүнөн. Киев ун-тинин мед. ф-тетин (1902) бүткөн.
  • 1894-жылдан рев-ялык кыймылга катышкан.
  • 1905-ж. Киевдеги сапёр аскерлеринин көтөрүлүшүнүн жетекчилеринен, 1906-ж. камалып, Шлиссельбург чебинде (1907—14) жат­кан, кийин Иркут губ-на айдалган.
  • 1917-ж. Иркутск ш-нан Шаардык думага депутат, Знаменский р-нунун парт, уюмунун пред-ли болуп шайланган.
  • 1918-жылдан Колчакка кар­ты партизандык кыймылга катыш­кан.
  • 1920—22-ж. РКП (б) БКнын Ыраакы Чыгыш бюро мүчөсү, Ы. Чыгыш респ-касынын Мин. Советинин пред­лине орун басар жана саламаттык сактоо министри.
  • 1929—33-ж. Чет өлкөлөр менен маданий байланыштын Бүткүл союздук коомунун пред-ли.
  • 1928- жылдан БСЭ ж-а МСЭнин редакторуна орун басар, 1941—49-ж. Мамл. «Со­ветская энциклопедия» ин-тунун ди­ректору.
  • 1949—73-ж. БСЭнин башкы редакциясынын мүчөсү. 1959—73-ж. «Советская энциклопедия» басмасынын ил. редсоветинин мүчөсү, баш­кы редактору.
  • Көп томдуу «КПССтин тарыхы» жана «Вопросы истории КПСС» журналынын редколлегия мүчөсү. СССРдин маданий курулушу, партия тарыхы, В. И. Ленин жөнүндөгү эскерүүлөрдүн автору.
  • КПССтин 22—24-съезддерине делегат.
  • Төрт Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медал­дар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.