Петрухин Геннадий Васильевич

Википедия дан

ПЕТРУХИН ГЕННАДИЙ ВАСИЛЬЕВИЧ

Жазуучу Петрухин Геннадий Васильевич Актюбинскиде 1934-жылы 17-декабрда туулган.
1957-жылы С.М.Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
1960–1962-жж. ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомолдук мектептин угуучусу болгон.
Эмгек жолун 1950-жылы орто мектепте китепканачы болуп иштөө менен баштаган.
1957-жылы Актюбинскидеги «Красная знамя» деп аталган райондук гезитте жооптуу катчы, 1958-жылдан «Комсомолец Киргизии» гаезитинде жооптуу катчы, 1963-жылдан Кыргызстан КП БКнын аппаратында, 1971-жылдан республиканын профессионалдык-техникалык билим берүү боюнча Мамлекеттик комитетинин башкармасынын орунбасары, 1974-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкармасынын орунбасары болуп иштеген.
Жазуучунун 1967-жылы «Магистраль» деген ат менен алгачкы (авторлош болуп) очерктер жыйнагы чыккан. Өз алдынча «Раздумья» аттуу повесттер жана аңгемелер жыйнагы 1977-жылы басылган.
1982-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн” медалы, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

Раздумья: Повести и рассказы.  Ф.: Кыргызстан, 1977.  286 с.

Полонез Венявского: Повесть.  Ф.: Кыргызстан, 1979.  200 с.

Образ жизни – советский: Публист. сб.  Ф.: Кыргызстан, 1979.  92 с.

Год жестокого солнца: Повести.  Ф.: Мектеп, 1981.  212 с.

Господин чрезвычайный посол: Роман.  Ф.: Кыргызстан, 1983.  412 с.

Взгляд с порога: Роман-диалог.  Ф.: Кыргызстан, 1987.  408 с.

Три части света: Роман.  Б.: Адабият, 1991.  350 с.