Печенегдер

Википедия дан

Печенегдер – 8–11–кылымдардагы түрк урууларынын союзу. Алар Арал деңизи менен Волга дарыясынын аралыгындагы аймакта көчүп жүрүшкөн. Көчмөн мал чарбасы менен кесиптенишкен. 9-кылымда хазарлар менен огуздардын кысымынан Кара деңиздин түндүк талааларына жылган. Ал жердеги көчмөн венгрлерди талкалап, Төмөнкү Волгадан Дунайга чейинки жерди ээлеген. 10-кылымда Печенегдер 8 урууга бөлүнгөн. Урууларды «улуу князь», уруктарды «кичи князь» башкарган. Печенегдердин коомунда алгачкы жамааттык мамилелер ыдырап, феодалдык мамилелер калыптана баштаган. Византия Печенегдерди венгрлерге, болгарларга жана Руска каршы күрөшүнө пайдаланып турган (915-, 920-, 968-, 972-, 988–997-ж.). 1036-ж. Ярослав Мудрый Печенегдерди талкалаган. 11-кылымдын ортосунда Печенегдер Карпат, Дунайга чейин тарап, бир бөлүгү Венгрия менен Болгарияга кетип, калганы кыпчактарга жана орустарга сиңип кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]