Пешканын курмандыгы

Википедия дан

"Пешканын курмандыгы" (англ. Pawn Sacrifice, орус. Жертвуя пешкой) — Американын 2014-жылдагы биографиялык драмасы. Бобби Фишердин башынан өткөн чыныгы окуяга негизделип тартылган. Кансыз согуш маалында советтик шахмат алдыңкыларына каршы оюндарга катышкан Фишер Исландиянын Рейкявик шаарында 1972-жылы өткөн Дүйнөлүк шахмат чемпионатында Борис Спасский менен жолугушуп таймашат. Тасманын режиссеру Эдвар Цвик, сценарийин жазган Стивен Найт. Тасмага тартылгандар Тоби Магуайр (Бобби Фишер), Лев Шрайбер (Борис Спасский), Лили Рэйб (Жоан Фишер) жана Питер Сарсгаард (Уилям Ломбарди). Тасма АКШда 2015-жылдын 16-сентябрынан тарта көрүүчүлөргө сунушталган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]