Пиелонефрит

Википедия дан

Пиелонефрит — бөйрөктүн чөйчөкчөсү (күлтүгү) менен кошо бөйрөк ткандарынын (паренхимасы) сезгениши. Ал түрдүү микробдордун таасиринен болот. Бөйрөк чөйчөкчөсүнүн сезгениши пиелит деп аталат. Пиелит бөйрөктүн чел ткандарына, чөйчөк сымал капсулаларына, заара каналчаларына тарайт. Пиелонефрит — бөйрөк ооруларынын ичинен эң көп жолуга турган дарт. Бул оору менен эркектерге караганда аялдар (айрыкча 20 — 40 жаш чамаларында) эки эсе көп ооруйт. Ал эми картайган кезде (65—75 жаш) эркектерде көп жолугат, себеби бул мезгилде эркектин ички жыныс бездеринде, заара каналында зааранын чыгышына тоскоол болуучу оору пайда болот. Жаш балдарда грипп, өпкөнүн сезгенишинин кабылдоосу катары жолугат.
Кош бойлуу аялдарда заара түтүгүн жатын кысып, бөйрөктөн заара жакшы чыкпай калганда, көбүнчө билинбей жүргөн өнөкөт. Пиелонефрити бар аялдын боюнда болгондо ал күчөйт. Ошондой эле кант оорусу, бөйрөктүн туберкулёзу, жүлүндүн жабыркашы (омурткалардын сынышы, шишик оорусу жүлүндү басса), ич көңдөй органдары сезгенип, заарасы чыкпай калган оорулууларда кездешет.
Бир нече күн шейшеби бекигендердин (заара ушата албагандардын) табарсыгында көбөйгөн микробдор заара жолдору аркылуу бөйрөк чөйчөкчөсүнө жана ткандарга тарап сезгендирет. Мындай Пиелонефрит заара жолунун таш оорусунда көп кездешет.
Катуу кармаган Пиелонефритте эң мурун дене ысыйт (38—39°С)да, көл-шал тер басат, муун-сөөктөр, чыкый туштары ооруп, кустуруп, шалдыратат. Кийинчерээк 5—6 күндөн кийин бел-бөйрөк туш ооруп, зааранын анализи өзгөрө баштайт. Заарада ириң (пиурия), эритроцит (гематурия), бактерия (1 мл заарада 100 миң) көп болот. Пиелонефриттин өнөкөт түрү көп жылдар бою билинбейт, текшергенде гана билинет. өнөкөт Пиелонефритте артерия басымы жогорулайт, алы кетет, тамакка табити тартпайт, бөйрөк, бел туш ооруйт же заара ушата албай, заарада кан, ириң аралаш болуп, чыйрыгат, дене ысыйт, тер басат, кусат, баш оору кийинчерээк пайда болушу мүмкүн. Тери кургап, бозорот.
Пиелонефриттин диагнозун коюуда кан, заара анализдери, бөйрөктү, заара жолдорун рентгенге тартуу, радиоизотоптук изилдөө, бөйрөк ишине байкоо жүргүзүлөт; чөйчөкчөдөгү өзгөрүүлөрү, бөйрөктүн көлөмүнүн чоңоюшу, сыйпап көрүүдө катуу оорушу анын белгиси болот.
Катуу кармаган Пиелонефритти консервативдик жол менен, ириңдүү кабылдаган түрүн хирургиялык дарылайт. Анын бардык түрү диспансердик каттоого алынат. Врачтын көрсөтмөлөрүн бузуу, өз убагында дарыланбоодон өнөкөт түрүнө өтөт.
Пиелонефрит менен ооругандар дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп, анын сунуштарын так аткаруулары зарыл. Айрыкча тамак-аш рациону чоң мааниге ээ. Ышталган, консерваланган тамак-аш, татымалдар, алкоголь колдонууга болбойт. Тузду аз пайдалануу керек.

Алдын алууда жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо, инфекция чогулган жерди жок кылуу, организмди чыңдоо керек. Простата безинин аденомасы, заара жолдорунун таш оорусу жана башкалар заара-жыныс жолдорунун ооруларынан жабыркагандарга операция сунуш кылса, андан баш тартууга же кечиктирүүгө болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8