Пиза мунарасы

Википедия дан

Пиза мунарасы (италянча Torre pendente di Pisa) – коңгуролуу мунара, Пиза шаарынын Санта- Мария Ассунта собор ансамблинин бир бөлүгү. Долбоордун автору – Б. Пизано жана В. фон Иннсбрук. Мунара 200 жылдык аралыкта эки этап менен курулган, 1174-ж. башталып, 1372-ж. бүткөн. «Кулап бара жаткан мунара» деген ат менен дүйнөгө белгилүү. Мунара 8 ярустан турат, 294 тепкичи бар, жерден чокусуна чейинки эңкейиш жагынын бийиктиги 55,86 м, эң жогорку жагы 56,7 м. Диаметри – 15,54 м. Дубалынын калындыгы түбүнөн чокусуна карай ичкерет, түбүндө – 4,9 м, жогору жагында – 2,48 м. Учурдагы кыйшаюусу 3°54' түзөт (2013). Мунара Италиянын 12–14-кылымдардагы монументтик искусствосуна таасир тийгизген. 1986-ж. Бүткүл дуйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]