Пикир келишпестиктердин тынчтык жолу менен чечилиши

Википедия дан

Пикир келишпестиктердин тынчтык жолу менен чечилиши - Бул маселе мамлекеттик укуктарда жана эл аралык саясатта маанилүү орунду ээлеген темалардан болуп эсептелет.

Укук менен дипломатиянын негизги максаты тынчтыкты сактоо болгондуктан, пикир келишпестиктердин күч колдонулбастан чечилиши, тынчтык мамилелер менен усулдардын жолго коюлушу ар бир мамлекеттин жана өкмөттүн милдети болуп эсептелет. Бул жагынан алып караганда, улуттар аралык мамилелерде өлкөлөр кол койгон бир топ келишим жана конвенцияларда тараптар түшүнбөстүктөрдү жана келишпөөчүлүктөрдү тынчтык жолу менен чечишерин баса белгилешет. Тынчтык жолу менен маселелерди чечүүчү негизги жолдор төмөнкүлөр: өз ара кеңешмелер, сурак, сотко кайрылуу, элдештирүү, ортомчу коюу.

Кээде Эл аралык Сот, башка эл аралык мекеме-уюмдар же болбосо кээ бир өлкөлөрдүн өз каалоолору менен түзгөн тынчтыкты коргоочу уюмдарга кайрылууга болот.

БУУнун конституциясында жогорудагы айтылып кеткен бул түрдөгү маселени чечүү жолдоруна көңүл бурулган жана конституциянын VI бөлүмүндө (33-38-беренелер) бул маселеге атайын орун берилген. Бул бөлүмгө ылайык, мүчө өлкөлөрдүн ортосунда чыккан пикир келишпестиктерди өлкөлөр өз ара жогорудагы ыкмаларды колдонуу аркылуу чечүүгө аракет кылышат. Эгер мындан жыйынтык чыкпаса, маселе Коопсуздук Кеңешинде каралат. Кеңеш да жогорудагы жолдордун бирөөсүн сунуш кылышы мүмкүн. Эгер тараптар кааласа, Кеңеш өзү чечим чыгарса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9