Пико делла Мирандола, Жованни
Кыскача өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пико делла Мирандола, Жованни (1463—1494) — флоренциялык платонизмдин өкүлү, болгондо да эң ири өкүлү. Анын графтык наамы болгон жана бир нече тилди билген. 1489-жылы ал өзүнүн «900 тезисин» жарыялайт, анда «таанылып-билине турган бардык нерселер жөнүндө» ар түрдүү булактардан алынган үзүндүлөр камтылган. Бул тезистер чиркөө тарабынан айыпталып, тыюу салынат. Тезистердин автору «сага көзүм түз деп эч кимге ант берип, карганбай, философиянын бардык устаттарынын жолу менен жүрүп, бардыгын изилдеп, бардык мектептерди окуп-үйрөнүү керек... бардык доктриналарды карап чыгуу керек»... деген тургудан аракеттенген [Ренессанс эстетикасы. 2-т. 259-6.].
пантеизм позициясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пико делла Мирандола өзүнүн ата-мекендеши Фичино сыяктуу эле пантеизм позициясында турган, бирок аны натуралисттик түрдө түшүнүүгө көбүрөөк оогон. Ал жалган илим катарында астрологияга каршы чыгып, жылдыздардын тобу адамдын тагдырын аныктай албайт деп эсептеген. Мына ушундан келип ал адамдын эркинин эркиндиги жөнүндө, өзүнүн жеке керт башынын тагдырын өзү калыптандырууга жана өз жолун өзү тандап алууга укуктуулугу жөнүндө, адам өз бактысын өз колу менен жасоого тийиш экендиги жөнүндө корутунду чыгарат. Ал, адамдын активдүүлүгүн чектеп коё турган, адамдын келечектеги жашоо-турмушун алдын ала белгилеп коё турган «астрологиялык детерминизмге» каршы чыккан.
«Адамдын нарк-насили жөнүндө сөз» деген эмгеги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бүткүл Европанын философторуна каршы диспут ачууга тийиш болгон «Адамдын нарк-насили жөнүндө сөз» деген эмгегинде Пико делла Мирандола дүйнөнүн борборуна адамды жана анын нарк-насилин койгон Кайра жаралуунун гуманчыл программасынын негизги жоболорун ачык кылып аныктамалайт. «Астрологияга каршы» деген эмгегинде ал мындай деп жазат: «Жер үстүндө адамдан улуу эч ким жок, ал эми адамдын өзүндө болсо анын акылы менен жанынан артык эч нерсе жок. Эгерде ким булардан жогору турууга жетишсе, демек ал асмандан да жогору турат дегенди билдирет».
Акыйкат жөнүндө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пико делла Мирандола ар түрдүү көз караштар акыйкаттын айрым бир тарабынын гана көрүнүшү болуп саналат, ошондуктан ал көз караштарды бириктиргенде гана бирдиктүү акыйкатты аңдап-билүүгө болот деп эсептеп, ар түрдүү философторду элдештирүүгө умтулган.
Мистикага кызыгуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пико делла Мирандола мистикалык маселелерге көп көңүл буруп, каббалага жана сыйкырчылыкка кызыккан. Бирок, ал бул маселелерди көбүрөөк илимий негизде түшүнүүгө умтулган. Алсак, «сыйкырчылыкты» ал кандайдыр бир көз боочулук катарында эмес, жаратылыштын изилденүүгө тийиш болгон реалдуу сыры катарында кабыл алынган. Ал «кара ниеттүү сыйкырчылыкты» (бул Орто кылымдарда түшүнүлгөндөй жаманчылык күчтөрдүн иши болгон) жана «ак ниеттүү сыйкырчылыкты» же жаратылыштын табийгый сырларын ачып-билүү жолу катарында «табийгый сыйкырчылыкты» айырмалап бөлүп караган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine