Пиксель

Википедия дан
Pixel art

Пиксель (англисче pixel, picture cell – сүрөттөлүштүн элементи дегенден) – монитордун жандырылган ар бир чекити. Монитордо ар бир Пикселдин ортосундагы аралык чекиттер кадамы деп аталат. Пикселдин саны канчалык көп болсо, чекиттер кадамы кичирейип, монитордун чечилиши жакшы болот. Пикселдер экран чечилишинин стандарттуу бирдиги болуп саналат. Монитордо көрсөтүлгөн Пикселдин саны экрандагы горизонталдык (640) жана вертикалдык (480) Пикселдер саны менен туюнтулат. Пикселдердин саны программа, видео карддын адаптеринин мүмкүнчүлүгү жана түздөн-түз монитор менен аныкталат. Азыркы учурда монитор жана видео кард адаптерлери үчүн VGA (video graphics array) жана SVGA (super video graphics array) стандарттары колдонулат. VGA түзүлүштөрүнүн чечилиши Пикселдин 640x480 саны менен аныкталат. SVGA түзүлүштөрүнүн чечилиши 800x600 жана андан жогору болот. Графиктик жана башка тексттик эмес сүрөттөлүштөр үчүн жогорку чечилиштеги мониторлор колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]