Пиктография

Википедия дан

Пиктография (лат. pictus- тартылган жана грек. grapho - жазам) (сүрөттүк жазуу) – билдирүүнүн, маалыматтын мазмунун сүрөт же сүрөттөрдүн ырааттуулугу аркылуу туюндурган жазуунун бир тиби.

Фонетикалык (тыбыштык) жазууга чейин колдонулган. Пиктографиянын эң байыркы үлгүлөрү палеолит дооруна таандык. Пиктограммалар (пиктографиялык жазууда колдонулган сүрөттөр) фонетикалык жазуунун белгилеринен төмөнкү айырмачылыктарга ээ. Пиктограммалар тилдин конкреттүү бир бирдигин билдирбейт, алар бардык тилдерде бирдей түшүндүрмөгө, мааниге ээ. Пиктограмма сөз катары, ал сөздүн синоними катары, сөз айкашы катары, мазмундук түрдүү вариацияларга ээ болгон сүйлөм же бир нече сүйлөмдөрдүн жыйындысы катары да "окула" берет. Пиктограммалар типологиялык жактан эки түргө бөлүнөт: "иконикалык - мында тартылып жаткан түшүнүк же объект менен маанилик жалпылык болот. Мис., күндүн сүрөтү аркылуу күндү (день) же асмандагы күндү (солнце) билдирет. Экинчиси – "символикалык" - шарттуу алынган сүрөт.

Айрым элдер Пиктографиялык жазуунун алда канча өнүккөн системаларын иштеп чыгышкан. Индеецтердин делавар деген уруусу Пиктографиялык жазуунун жардамы менен "Валам-Олум" деген эпосун жазышкан.

Пиктографиялык жазуу бүтүнкү күндө өзүнчө жазуунун тиби катары колдонулбайт. Бирок анын элементтери карым-катнаш жасоонун, билдирүүнүн кошумча каражаттары катары колдонулат. Айталы, жол белгилеринде, рекламаларда, эл аралык көргөзмөлөрдө, мелдештерде ж.б. көп тилдүү чөйрөлөрдө, ошондой эле өспүрүмдөр үчүн тартылган картиналарда (комикстерде) ж.б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4