Пилороспазм

Википедия дан

Пилороспазм — карындын учундагы булчуңдардын жыйрылышы. Оору невроздордо, карын жарасында жана башка ооруларда байкалат. Оорулуунун карыны ооруп, ал кускандан же карынды жуугандан кийин басаңдайт. Эмчектеги балдарда оору негизинен вегетатив нерв системасы бузулганда болот.
Бала кулгуйт, бара-бара куса баштайт. Эмчекти начар эмет. Ичи катат, заара ушатуусу азаят. Адатта оорулуу бала тынчы кетип, катуу ыйлайт. Жалпы абалы акырындап начарлайт. Бала көп кускандыктан дене суусузданып, арыктайт. Ооруга туруктуулугу (иммунитети) төмөндөгөндүктөн түрдүү жугуштуу оору тез жугушу мүмкүн.
Оорунун белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Врач келгенче оорулуунун ичине жылуу басып, суюк тамакты аз-аздан берип туруу талапка ылайык. Дарыгер рентгендик текшерүдөн ооруну аныктап, андан ары дарылоону сунуш кылат. Спазмга каршы каражаттар, кээде хирургиялык ыкма колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8