Пилотаж

Википедия дан

Пилотаж (фр. pilotage — самолёт башкаруу) — самолёттун же планёрдун абада ар кандай фигураларды аткаруудагы мейкиндик маневрдүүлүгү.

Пилотаж фигураларды аткаруу татаалдыгы боюнча жөнөкөй, татаал жана өтө татаал; самолёттордун же планёрлордун саны боюнча жалгыз жана группалуу болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.