Мазмунга өтүү

Пингвин

Википедия дан
Пингвиндер‎»‎ барагынан багытталды)
Pygoscelis adeliae.

Болтойлор, пингвиндер (лат. Sphenisciformes) — куштардын түркүмү. Уз. 40—120 см, салм. 3—42 кгга жетет.

Денеси мамык жүн менен жыш капталган. Боору агыш, жону кара же кара көгүш, айрымдарынын башында сары тагы же үрпөгү болот. Төш сеөгү, андагы булчуңдары жакшы өөрчүгөн. Канаты калакка окшош, сүзгөндө, чумкуганда сууну шилейт, таманы.

Каргакчалуу, куйругу кыска. Кээде Пингвиндер сууда дельфин сыяктуу секирип сүзөт. Кургакта начар басат, кар үстүндө кээде боору менен жылат. Алардын 6 уруусунун 18 түрү белгилүү. Субантарктика, Антарктидада жанa Галапагосс аралында, Австралиянын түш. жээктерннде ж. б. таралган. Топтошуп (миллионго жакын), айрымдары анча чоң эмес топ куруп же жалгыздан океан жанына уялашат. Уясын аскага, музга салат, кээ бирлери ийин казат. Император Пингвиндердин эркеги жалгыз жумурткасын бутунун жаргакчасында кармап, боорундагы тери бүктөөсү менен жашырып 65 күнчө, ал эми Адели Пингвиндеринин эркеги менен ургаачысы 35 күнчө басат. Балапандары калың түк менен капталып, семиз болот. Алар балык, моллюска жана майда рак сымалдар менен азыктанат. Эти желбейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.