Пирамида чокусу
Көрүнүш
Пирамида чокусу - Түркстан кырка тоосунда, Каравшин (Исфаранын сол куймасы) суусунун башынан орун алган. Бийиктиги 5509 м. Силурдун кумдук, сланец, гнейс тектеринен турат. Чокусу тик, аска-зоокалуу жана мөңгүлүү. Андан чыгыш, түштүк тарапка кыска тик капталдуу кырлар тарайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
- Файл Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine (pamir.pl)