Пиран

Википедия дан

Пиран – циклинде кош байланыштар менен бирге кычкылтек атомун алып жүргөн алты мүчөлүү гетероциклдүү бирикме. Мол. масс. 82,10. П. кош байланыштары жакын (a-пиран) же алыс (g-пиран) болушу мүмкүн. a-П. туундулары түрүндө гана белгилүү (мисалы, 2-метил-a-пиран), кайноо t 106-111оС, d420 0,907, nD1,4542; 2,4,6 -Трифенил-a-пиран, балкып эрүү t 225оС. g- П. түссүз суюктук, кайноо t 84оС, бөлмө темп-расында тез ажырайт. 350оС 2-ацетокси-3,4-дигидропирандын пиролизи менен алынган:

Дигидро- жана тетрагидропирандар, П. караганда туруктуу. Тетрагидропиранды пентадиол-1,5 ички эфирин 60 % H2SO4 менен ысытып алышат. П. эң маанилүү туундулары болуп a- жана g-пирон б. а. кетопиран саналат (мисалы, 2,6-диметилпирон, кумарин, хромон, флавон, ксантон). П. шакекчеси жаратылышта кеңири таралган, мисалы, гексозалар (альдоза жана кетозалар) көбүнчө алты мүчөлүү пиранозалар болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]