Пиранометр

Википедия дан

Пиранометр (грекче πῦρ + άνω + μέτρον – от+ үстүндө+чен) – горизонталь бетке түшкөн жалпы (суммалык) жана чачкын күн радиациясын өлчөөчү термоэлектрдик прибор. Чачкын радиацияны өлчөөдө приборду тике түшкөн күн нурунан калкалап туруучу экран пайдаланылат. КМШда Ю. Д. Янишевский Пиранометри колдонулат. Мында күн радиациясын кабыл алгыч катары удаалаш жалгаштырылган манганин жана константан тилкелеринен туруучу термоэлектр батареясы иштейт. Термобатереянын жуп жалгашкан жерине көө, так жалгашканына ак магнезия сүйкөлөт. Көө жабылган бетте күн радиациясы көбүрөөк сиңгендиктен, алардын арасында темпралык айырмачылык чыгып, термоэлектр тогун пайда кылат. Ток гальванометр менен өлчөнүп, радиация аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]