Пиргелиометр

Википедия дан

Пиргелиометр (байыркы грекче πῦρ (pýr) – от, ἥλιος (hélios) жана ...метр) – жер бетине тике (перпендикуляр) түшкөн күн радиациясын өлчөөчү прибор. Негизинен салыштырмалуу приборлордун - актинометр, пиранометрлердин маалыматтарын текшерүү үчүн колдонулат. 1896-ж. швед геофизиги Кнут Ангстрем абсолюттук компенсация Пиргелиометрин түзгөн. Бул прибор 1905-ж. Эл аралык метеорологиялык конференцияда эталон катары кабыл алынып, көптөгөн өлкөлөрдө бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет. Прибордун кабыл алгыч бөлүгү – үстүнкү бети карартылган эки бирдей өтө жука манганин пластинкасынан турат. Анын бири күн нуру, экинчиси электр тогу менен жылытылат. Пластинкалардын температурасы бирдей болгондо, аларга бекитилген термопара электр тогун бербей калат, анткени мында толук компенсация (бири бирин жоюу) жүрөт. Толук конпенсация учурунда ток аркылуу 2-пластинка бөлүп чыгарган жылуулук саны 1-пластинканын күн радиациясынан алган жылуулугуна барабар. Демек, 2-пластинканын бөлүп чыгарган жылуулук санын өлчөө менен 1-пластинканын бетине түшкөн күн радиациясынын өлчөмү аныкталат. Заманбап Пиргелиометрде сенсор катары термобатареялар – ырааттуу жайгаштырылган термоэлементтер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]