Пиргеометр
Пиргеометр (грекче πῦρ (pýr) – от, гео... жана ...метр) – жер бетинин эффективдүү нурлануусунун ургаалдуулугун, б. а. жер бетинин өз нурлануусу менен атм-ранын ага карай (карама-каршы) нурлануусунун ортосундагы айырманы өлчөөчү термоэлектрдик аспап. Эффективдүү нурланууну өлчөөдө, прибордун кабыл алуучу бетин бирде жерге, бирде асманга каратып турат. Алынган чондуктардын айырмасы жер бетинин эффективдүү нурлануусуна туура келет. КМШда С. И. Савинов ойлоп таап, Ю. Д. Янишевский өркүндөткөн термоэлектр Пиргеометри колдонулат. Анын кабыл алгыч бети кара түстүү (бадырлуу) жана никелденген (жалтырак) тилкечелерден турат. Алардын нурду чагылдыруу жана сиңирип алуу жөндөмдүүлүктөрүнүн ар кандай болушунан температуралык айырмачылык келип чыгат, ал термотокту пайда кылат. Термоток гальванометр менен өлчөнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9