Пиримидин негиздери

Википедия дан
цитозин.

Пиримидин негиздери – негиздүүлүк касиетке ээ болгон, жаратылышта кезигүүчү пиримидин туундулары. Алар бири-биринен пиримидин ядросундагы функционалдык топтордун жаратылышына жана алардын жайгашуусуна жараша айырмаланат. П. н. жаныбарлар, өсүмдүктөр жана микроорганизмдер курамдарында N-гликозиддик бирикмелер түрүндө кеңири таралган. П. н. ичинен нуклеин к-талары, нуклеозиддер жана нуклеротиддер курамында кездешкен, эритмеде таутомердик абалда турган, биологиянык жактан эң маанилүүлөрү болуп урацил, цитозин жана тимин эсептелет:

урацил тимин

цитозин

Жаратылышта кезигүүчү нуклеин к-таларын, нуклеотидди, нуклеозидди к-талар катышуусунда (12Н НClO4 же НСООН, 100оС)гидролиздөөдөн пайда болгон аралашманы ион алмашуу хроматографиясынын жардамы менен П. н. бири биринен бөлүнүп алынса, синтездик ыкма менен алар ацетоуксус, малон, циануксус эфирлери сыяктуу бирикмелердин мочевина жана анын аналогдору (мисалы, тиомчевина) менен конденсация реакциясына киришинен алынат. П. н. сууда начар эрүүчү, түссүз кристаллдар. Алардын балкып эрүү темп-ралары өтө жогору. Урацил 335оС балкып эрийт. Ал концентрацияланган HNO3 менен электрофилдик орун алмашуу реакциясына кирип, ар түрдүү синтездерде колдонулуучу 5-нитроурацилди пайда кылат. Тиминдин балкып эрүү температурасы 318оС. Цитозин 320-325оС балкып эрийт. Цитозинди нитрит кислотасы HNO2 менен окистендирүүдөн урацил алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]