Пирке реакциясы

Википедия дан

Пирке реакциясы — туберкулёзду диагноздоо үчүн териге жасалуучу аллергиялык текшерүү. Австриялык окумуштуу Пирке 1907-ж. сунуш кылган. Аны билектин терисин чийип, ага туберкулинди (өлгөн туберкулёз микобактериясынан жасалган препарат) тамчылатып, 2—3 суткага чейин суу тийгизбей байкоо жүргүзөт. Пирке реакциясы жасалган жердин шишип кызарышы организмге туберкулёздун козгогучунун киришинен, ошондой эле туберкулёзго каршы эмдөө жүргүзүүдөн болот. Пирке реакциясы мектепте, мектепке чейинки мекемелерде туберкулёздун микобактериясын алып жүрүүчүлөрдү табуу жана оорунун алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Пирке реакциясысы туберкулёзго каршы эмдөөдөн кийин диагноздук максатта жасалбайт. Мындай учурда ооруну аныктоо үчүн тери алдына Манту реакциясы жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8