Пироксенит

Википедия дан

Пироксенит – негизинен бир же бир нече пироксенден турган толук кристаллдуу ультранегиздүү интрузия тоо теги. Курамында кээде кошунду оливин, авгит, биотит, аз санда талаа шпаттары, магнетит же титандуу магнетит кездешет. Андагы пироксендер менен кен таш минералдарынын тибине карай бир нече түргө бөлүнөт (бронзитит, гиперстенит, вебстерит ж. б.). Кычкылдуулугу Si02 45%, тыгыздыгы 3350 кг/м3. С. салм. 3,1–3,25. Өңү күнүрт, каралжын, бозомтук жашыл, күрөң. Пироксенит алкак же зоналарды түзүп, узак аралыкка созулуп жаткан гипербазиттер менен бирге жайгашат, өзүнчө силл, дайка түрүндө да кездешет. Пироксенит менен титан, сейрек жер элементтери, апатит ж. б. кен таштар байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]