Пиролиз

Википедия дан

Пиролиз (грекче πῦρ (pýr) – от, λύσις – ажыроо) – күйүүчү заттардын жогорку температуранын таасиринен ажыроосу. Пиролизге – жыгачты кургак буулантуу, таш көмүрдү чала кокстоо, кокстоо, нефтини жана нефть продуктуларын крекингдөө кирет. Жыгач Пиролизи 400-500°С, көмүрдүкү 600- 1000°С, нефть продуктуларыныкы 400-700°С, метандыкы 1000°Сден жогорку температураларда ишке ашырылат. Пиролиз - физикалык, физикалык-химиялык жана химиялык кубулуштарды камтыган татаал процесс. Температурага жараша суюктук пайда болуу, суюктуктун фракцияларга бөлүнүшү, буулануу, буунун кайра конденсацияланып, акырында жыгач көмүрү, кокс сыяктуу катуу жана газ-буу аралашмасынан турган татаал заттар пайда болот. Пиролиздөө реакторлордо жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]