Пирохлор

Википедия дан

Пирохлор – минерал, NaCaNb206F. Кошунду элементтери Та, Ү, Tr, U, Th, Fe, Ti. Курамы туруктуу эмес. Ниобийди тантал толук алмаштырса микролит деп аталат. Куб системасында кристаллданат. Өңү түссүз, сары, буурулдан карага чейин. Катуулугу 5–5,5. Салыштырма салмагы 4,2–6,4. Көп учурда метамиктүү. Радиоактивдүү. Щелочтуу тоо тектерде, пегматиттерде, карбонатиттерде топтолот. Пирохлор ниобий, торий жана урандын кен таштары болуп саналат. 10го жакын тектеш түрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]