Пирс, Чарльз Сандерс

Wikipedia дан
Пирс, Чарльз Сандерс

Пирс, Чарльз Сандерс[оңдоо]

(1839—1914) — прагматизмдин негиздөөчүсү, эң ири америкалык философ, ал бир эле убакта математик, астроном, химик, логик да болгон. Өзүнүн илимий изилдөө иштеринин жүрүшүндө Пирс көптөгөн жаңы идеяларды көтөрүп чыккан, алар билимдердин айрым тармактарынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон. Ал — семиотиканы түзгөн жана символикалык логиканын калыптанышына чоң салым кошкон.

Прагматизм[оңдоо]

«Прагматизм» термини (гректин прагма — иш деген сөзүнөн) философиялык ойдогу өзүнчө багыт, ал философия практикалык багытта болууга тийиш деп эсептейт. Бул агымга Пирстен башка Уильям Жемс жана Жон Дьюи да кошулган.
Прагматизмдин башкы принциптери Пирс тарабынан анын «Биз идеяларыбызды кандайча түшүнүктүү кыла алабыз» (1876), «Ишенимди бекемдөө» (1877) деген макалаларында өнүктүрүлгөн.
Прагматизмдин теориясынын өбөлгөсү — ишеним түшүнүгү. Пирстин ой жүгүртүүсүнүн маңызы төмөнкүчө: дүйнөдө жашап аракеттенүүгө аргасыз болгон адам иш-аракеттин ар кандай тибин жана аракеттенүүнүн адаттарын иштеп чыгат. Бул адаттар аңдалып-түшүнүлгөндөн кийин, Пирс атагандай ишенүү, же ишеним деп аталганды пайда болот. Ошентип, ишеним дегенибиз белгилүү бир түрдө аракеттенүү адаттарын билдирет.
Мисалы, кээде ар түрдүү идеялар (ишенимдер) бирдей аракеттерди, бирдей адаттарды пайда кылса, анда алардын ортосунда эч кандай айырмачылык болбойт, бул ар башка сөздөр менен билдирилген бир эле нерсе.

Адамдын ишенимдери тууралуу[оңдоо]

Адамдын аң-сезими ар кандай ишенимдерге толгон, алар акыл-эстин тынч, бакыбат абалын камсыз кылып турат. Бирок ишенимдин бул тынч абалы иш-аракетти токтотуп коё турган шектенүүчүлүк менен алмашылышы мүмкүн. Бул шектенүү ар кандай себептерден улам пайда болушу шарт, алар: теориялык кыйынчылыктар, карама-каршы пикирлер жана да психологиялык жана интеллектуалдык себептер болушу ыктымал. Шектенүү — бул аң-сезимдин беймаза абалы болгондуктан, биз андан кутулууга күч-аракет жумшайбыз. Бул күч-аракетти Пирс изилдөө деп атайт жана аны логикалык ой жүгүртүү менен окшоштурат. Изилдөөнүн (же ойломдун) максаты шектенүүдөн кутулуу жана ишенимге жетишүүдө турат. Пирс мындай деп жазат: «ойдун иши шектенүү аркылуу козголот жана бул козголуу ишеним кайрадан калыбына келгенде токтойт, демек, ишенимге жетишүү ойдун бирден бир функциясы». Башкы нерсе, деп баса белгилейт Пирс, — шектенүүнү четтетүү, ал эми буга кандайча жетишүүгө болору анчалык маанилүү эмес. Ошондой эле, биз чыныгы билимдерге жетиштикпи же жокпу, бул да маанилүү эмес. Биз чыныгы ой-пикирге умтулгансыйбыз, дейт Пирс, ал эми чындыгында биз бекем ишенимге гана умтулабыз, мында ал ишенимдин чыныгы ишеним же чыныгы эмес ишеним экендигине карабайбыз. Албетте, биз мында өзүбүздүн ар бир ишенимибиз чыныгы ишеним деп ойлойбуз. Ошентип, ишенимдин чыныгылыгы жөнүндө маселе Пирсте коюлбайт, ал шектенүүнү четтетүү жөнүндөгү маселе менен алмашылат. Ар бир адам, анын ичинде окумуштуу да чындык ой-пикирге эмес, бекем ишенимге умтулат.
Пирс, биздин ишенимдерибиз адамдардын зомбулугуна көз каранды болбошу жөнүндө, алар сырткы факторлор тарабынан, атап айтканда ишенимдерге жетишүүнүн жана аларды бекемдөөнүн биринчи жана ишенимдүү ыгы болуп саналган илимий усул тарабынан аныкталышы жөнүндө кам көргөн. Илимий усулдан мурда бир катар башка усулдар да колдонулат, аларды Пирс төмөнкүчө аныктайт:
1) Туруктуулук (өжөрлүк) усулу, мында адам өз көз караштарында бекем турат жана ар кандай сынды четке кагат, мында ал сын көз караштардын фактыларга карата болгон мамилесине көңүл бурбайт. Бул учурда өз көз карашына бекем ишенүү адамга бейпилдик берет, бул мен үчүн башкы нерсе дейт адам. Туруктуулук усулун тутуу кыйын иш деп баса белгилейт Пирс, анткени адам социалдык жан болгондон кийин өзүнүн көз карашын башкалардын көз карашы менен макулдаштырууга тийиш.
2) Авторитет (кадыр-барк) усулу ишенимди жайылтуу проблемасын милдеттүү түрдөгү ишенимдердин белгилүү бир комплексин мамлекеттин, чиркөөнүн же башка бир кубаттуу уюмдун көрсөтмөсү аркылуу чечет, башкача ойлоо жазаланат. Албетте, бул усулдун моралдык аспектисинин өз кемчилиги бар, бирок Пирс бул усулду жактырат, анткени бул усул өтө таасирлүү, ошондуктан ал акталууга тийиш. Адамдардын көпчүлүгү үчүн мындан жакшы усул жок болушу мүмкүн, авторитет усулу дайыма калың калкты башкарып тура алат.
3) Априордук усул, бул усул өзүлөрүнүн көз караштарын акыл-эс менен шайкеш келген көз караш катарында көрсөтүү үчүн философтор колдонгон усул. Чындыгында алар өздөрү жакшы көргөн концепцияларын бекем тутушкан жана алардан баш тарткылары келген эмес. Бул усул туруктуулук усулунан анча көп айырмаланбайт.

Илим түшүнүгү[оңдоо]

Илимдин усулун аныктап жазганда Пирс илимдин обьектиси катарында илим гана түшүндүрүп, сүрөттөп бере турган обьективдүү реалдуулукту көрсөтөт. Бул шартты ишке ашыруу бирдей пикирге гана алып келбестен, нерселердин чындыгында эмне деген нерселер экендиги жөнүндө чыныгы жыйынтык чыгарууга да алып келет. Ошол эле убакта обьективдүү реалдуулукту таануу,— дейт Пирс,— бул бар болгону өзүн өзү актай турган гипотеза гана, анткени илимдин усулу билимдерди бекемдөө үчүн алда канча эффективдүү болуп саналат.
Пирс философиянын тарыхында маани теориясын түзүүчү катары белгилүү. «Биз идеяларыбызды кандайча түшүнүктүү кыла алабыз?» деген эмгегинде бул суроого жооп берүүгө аракеттенип, буга идеялардын маанисин ачып-көрсөтүү аркылуу жетишүүгө болот дейт. Бирок маани деген эмне? Пирс маани проблемасын түшүнгөн философтордун биринчиси болгон. Анын концепциясынын маңызы түшүнүктөрдүн мааниси практикалык натыйжалардын жыйындысы менен аныкталат дегенди билдирет. Ал мындай деп жазат: «Биз ойлогондой биздин түшүнүгүбүздүн обьектиси тарабынан жаралышы мүмкүн болгон практикалык натыйжалардын кандай экенин карап көргүлөчү. Бардык ушул натыйжалар жөнүндөгү түшүнүк обьект жөнүндөгү толук түшүнүк болуп эсептелет. Бул «Пирстин принциби» деп аныктамаланат жана Пирстин прагматикалык доктринасы дал мына ушунда турат.
Практикалык натыйжаны Пирс нерселер аркылуу пайда боло турган аракет кылуу адаты катарында түшүнөт. «Прагматизм жөнүндө лекцияларында» (1903) ал мындай деп жазат: прагматизм — бул «ар бир түшүнүк мүмкүн боло турган практикалык натыйжалар жөнүндөгү түшүнүк экендиги жөнүндөгү окуу». Пирс үчүн кээ бир түшүнүктөр, мисалы адам түшүнүгү туюмдардын жыйындысы катарында эмес, ага карата биздин реакцияларыбыздын жыйындысы катарында чыгат, бул реакция таш же жылдыз тарабынан пайда болуучу реакциядан айырмаланат.

Акыйкат концепциясы[оңдоо]

Пирс өзүнүн прагматизм теориясынын алкагында акыйкат жөнүндө өз концепциясын сунуш кылат. Пирс үчүн акыйкат дегенибиз — бул биз ишенген нерсе. Ал мындай деп жазат: «Эгерде биздин «акыйкат» жана «жалган» деген терминдерибиз буларды шектенүү жана ишеним терминдери аркылуу түшүндүрүлө турган мааниде алсак, анда бардыгы жакшы болор эле, мындай учурда сиз шектенүү жана ишеним жөнүндө гана айтып жаткан болосуз... Эгерде сиз мен «Акыйкатты» таанып-билгим келет деп айтуунун ордуна шектен тышкары турган ишеним абалына жетишким келет деп жөн гана айткан болсоңуз сиздин проблемаңыз алда канча жеңил болмок». Ошентип, ар бир адам үчүн акыйкат — бул адам ишенбей коё албай турган нерсе. Ушуну менен эле бирге Пирс илимде бир гана акыйкат болот, ал бир адамдан экинчи адамга өткөндө өзгөрүлбөйт деп көрсөтөт. Ошондой болсо да илимде жаңылыштыктар да болот, а түгүл белгилүү бир убакытка чейин акыйкат катарында эсептелинип келген нерсе жүрө-жүрө толук акыйкат болбой чыгат. Биз өзүбүздүн ынанымдарыбыздын жаңылыш болушу мүмкүн экендиги жөнүндө ойлогон болсок да, ал ынанымдарыбызга биз өзүбүз ишенип турган чакта алар биз үчүн абсолютту акыйкат болуп кала берет деп эсептейт Пирс. Акыры түбү көпчүлүк окумуштуулар келе турган ишеним — Пирс үчүн акыйкат болуп саналат.

Философиялык маселелер[оңдоо]

Пирс, ошондой эле, башка философиялык маселелерди да иштеп чыккан. Ал бүткүл реалдуулукту камтып турган үч категория жөнүндөгү окууну сунуш кылат: «биринчилик» ар кандай кубулуштун спецификалык сапат-сынын көрсөтөт, «экинчилик» — телолордун бар болуп жашап турушун жана анын башка телолор менен болгон мамилесин көрсөтөт, «үчүнчүлүк» — биринчи эки чөйрөнүн жалпылыгын, демек алардын өз ара байланышта экенин көрсөтөт.

Космология көз караштары[оңдоо]

Пирстин космологиялык көз караштары тихизмде — дүйнөдөгү абсолюттук кокустуктар жөнүндөгү окууда, агапизмде — дүйнөдөгү эволюциянын кыймылдаткыч жана багыттоочу күчү катарында сүйүү жөнүндөгү окууда, синехизмде — бардык жашап турган нерселердин акыл-эстүүлүккө карай өсүп туруучу тенденциясын мүнөздөөчү жалпы үзгүлтүксүздүк жөнүндөгү окууда көрүнөт. Пирс — семиотиканын негиздөөчүсү, ал типологияны жана белгилердин (знаков) иштешин изилдеген, «фаллибилизмди» — бардык билимдердин жалпы каталыгынын (погрешимости) негиздери жөнүндөгү окууну иштеп чыккан. Анын логикалык эмгектери математикалык логиканы иштеп чыгууга чоң салым кошкон.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8