Пис-Ривер дарыясы

Википедия дан
Пис-Ривер алабынын.

Пис-Ривер дарыясы (англ. Peace River) – Канадагы дарыя, Эрксиздер дарыясынын (Макензинин системасына кирет) сол куймасы. Узундугу Финли дарыясынын башталышынан 1923 км, алабынын аянты 324,3 миң км2. Аскалуу тоолордон башталып, Макензи платосун кесип өтөт. Орточо чыгымы 1,1 мин м3/сек. Октябрдан июнга чейин муз каптайт. Сугат үчүн суу сактагыч курулган. Вермильон – Шутс участкасынан башка жеринде кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]