Питондор

Википедия дан
Python molurus.

Питондор (Pythonidae) – жыландардын жалган буттуулар тукумунун тукумчасы. Дене узундугу 1,5–10 мте чейин жетет. Түсү бир өңчөй күрөңдөн чаар алага чейин. Тумшугундагы жылуулук сезгич 2–5 чуңкурчасы менен жылуу кандуу жаныбардын жакындаганын сезет. Чыгыш жарым шардын тропик жана субтропиктеринде 6 уруусу, 27 түрү бар. Көбүнчө токойдо, айрымдары бакта жашайт. Сүт эмүүчүлөр, сойлоочулар жана канаттуулар менен азыктанат. Ири Питондор чөө, чүткөр, жаш камандарды бүтүн бойдон жута алат. Адамга чанда кол салат. Ургаачысы 107ге чейин жумуртка тууп, аны бир канча убакыт «басып» жатат жана жырткычтардан кайтарат. Анын эти, майы желет, терисинен түрдүү буюмдар жасалат. Капаста 25 жылга чейин жашайт. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]