Питтсбург университети

Википедия дан
Питтсбург Университети‎»‎ барагынан багытталды)
Питтсбург университети.

Питтсбург университети (англ. University of Pittsburgh; адатта Питт деп аталат) ― Пенсильваниядагы Питсбург шаарында жайгашкан мамлекет менен байланышкан илимий-изилдөө университети болуп саналат. 1787-жылы Америка революциядан кийин, Американын чек арасынын жанында Питтсбург академиясы деп түзүлгөн. 1819-жылы университеттин уставы өзгөрүлүшү менен, ал Пенсильваниянын батыш университети деп кайра аталган. Аны 2 жолу өрт талкалагандан жана район ичиндеги жерлерге улам көчүүлөрдөн кийин, ал ага жакын Окленд шаарына көчүп кеткен. 1908-жылы Питтсбург деп аталып калган. Анын тарыхына кайрылсак, ал жеке институт болгон. Ал эми 1966-жылы чейин Питт жогорку билим шериктештиги системасынын бир бөлүгү болуп калган.

Питтин студенттери кампустагы жана шаардагы ар кандай көркөм программаларына катыша алышат, жана ошондой эле университеттеги 400дөн ашуун клубдарга жана уюмдарга катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Университеттин «Питтсбург пантералары» деген спорт командалары Атлантика жээгинин мүчөлөрү болуп, жана ошондой эле NCAAнын биринчи дивизионунда катышышат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]