Питсбург

Википедия дан
Питсбург.

ПитсбургАКШнын түндүк-чыгышындагы шаар. Пенсильвания штатында. Калкы 305,7 миң (2010; борбордук агломерация менен 2,3 млн). Огайо дарыясындагы (өлкөдөгү Эң ири; жылына 30 млн т жүк ташылат) порт. Эл аралык аэропорту бар. АКШнын ири соода-финансы жана оор өнөр-жайынын (кара жана түстүү металлургия, оор машина куруу) маанилүү борбору. Электр-техникалык, радиоэлектроника, станок куруу, айнек-карапа, химиялык, полиграфиялык, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер, Карнеги институту, сүрөт галареясы бар. Питсбургга жакын жерден таш көмүр казылып алынат. АКШдагы алгачкы АЭС курулган. Зоопарк уюштурулган.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]