Пифагореизм

Википедия дан

Пифагореизм - байыркы Грециядагы (б. з. ч. 6-4-к.) санды бардык нерсенин негизги принциби деп эсептеген диний-философиялык окуу.


Адегенде Пифагореизм жашырын сыр катары Пифагор уюштурган жамаатта ооздон оозго өткөн. Аны кагаз бетине алгач Филолай түшүргөн. Пифагореизм Платондун убагында бирөтоло калыптанган. Ал нерселердин тышкы түрүнө, арифметика-геометриялык түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурган.

Пифагореизм боюнча жан - материалдык эмес кубулуш. Пифагореизм идеялары орто кылымга жана кийинки мезгилге чейин жеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.