Пицунда

Википедия дан
Пицунда.

ПицундаАбхазиядагы шаар (2007-жылдан). Кавказдын Кара деңиз жээгиндеги Пицунда тумшугунда жайгашкан. Гаградан 25 км түштүк тарапта. Калкы 8,5 миң (2010). Кара деңиздин жээгиндеги деңиздик климаттык ири курорт комплекси. Деңиз бойлой Мюссера тоолоруна чейин сейрек кездешүүчү пидунда көк карагай токою өсөт. Пицунданын аймагында антика гректери негиздеген жана орто кылымга таандык шаар жана порт Питиунт (грекче Pityus) жайгашкан. Чеп дубалдары, турак-жай курулуштары, византия базиликасы, байыркы шаар чалдыбарынан түндүк-чыгыштагы храм (10-кылым, фрескалары 14-, 16-кылымдар) ж. б. сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]