Пишпек чеби үчүн салгылашуу

Википедия дан

ПИШПЕК ЧЕБИ ҮЧҮН САЛГЫЛАШУУ – 19-кылымдын 60-жылдарынын башында чүйлүк кыргыздардын боштондук үчүн күрөшү. Батыш Сибирдин генерал-губернатору Россия империясынын чегин кеңейтүү максатында 1859-жылы падышадан Пишпек (Бишкек) чебине кол салуу үчүн уруксат сураган. 1859-ж. 24-январда уруксат берилген, бирок аны дароо ишке ашырууга мүмкүн болгон эмес. Пишпек чебинде Кокон хандыгынын 500 аскери турган. 1860-жылы 4-сентябрда Циммерман баштаган орус кошууну 5 күндүк курчоодон кийин Пишпек чебин алган. Бирок падыша аскерлери аз болгондуктан, бат эле Кастекке кайра кетип калышкан. 1860-жылы октябрда Пишпек чеби кайрадан Кокон хан-дыгынын колуна өткөн. Декабрдын акырына чейин Пишпек чебинде турган Канаат-Шаа парваначы анын дубалын ого бетер чыңдаткан. Пишпек чебинин башкаруучусу Рахматулла датка чүйлүк кыргыздарды эзүүсүн уланткан. Анын зомбулугуна каршы Байтик Канай уулу баштаган солто уруусу 1862-жылы сентябрда Рахматулланы өлтүрүшүп, жардамга орус аскерлерин чакырышкан. 24-октябрда Пишпек чебин орус аскерлери басып алып, чепти талкалап салышкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.