Пиязчы чымындар

Википедия дан

Пиязчы чымындар - кадимки жана ызылдак чымындар тукумунун бир нече туру; пияздын коркунучтуу зыянкечи.

Европа, Азия, Түндүк Америкада пияз эгилүүчү бардык райондордо тараган. Пиязчы чымындардын курту пияздын жумшак сулпун жеп, чиритет. Сабагы саргайып, солуйт. Алар пияз, сарымсак, мандалак, нарцисс, кээде картошка, сабиз, кызылчаны зыянга учуратат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.